Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:59

Иран экс-президенттин каза болгондугуна байланыштуу аза күтүүдө


Акбар Хашеми Рафсанжани

Иранда 82 жашында инфарктан көз жумган мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжаниге үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Тегерандагы эскерүү иш-чарасына президент Хасан Роухани баштаган өкмөт өкүлдөрү катышты.

1989-1997-жылдары Ирандын президенти болуп иштеген Рафсанжанинин сөөгү 10-январда жерге берилет. Бул күн Иранда майрам деп жарыяланмакчы.

“Революция сакчылары кеңеши” менен парламенттин ортосундагы талаштарды жөнгө салуучу кеңешти жетектеген Рафсанжани Батыш менен алаканы оңдоого аракет кылганы менен белгилүү.

Ирандык укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади мурдагы президенттин тушунда адам укуктарынын абалы салыштырмалуу оң бааланганын айтты.

XS
SM
MD
LG