Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Кенжеев олимпиада боюнча дирекция башчысына орун басар болду


Жанарбек Кенжеев.
Жанарбек Кенжеев.

Спортчу Жанарбек Кенжеев Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 9-январда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн аталган мекеме жетекчилиги дирекция жамаатына Кенжеевди тааныштырды.

2014-жылдан бери бул орунду дагы бир спортчу Руслан Түмөнбаев ээлеп келген. Анын өз арызы менен иштен кеткени айтылган.

31 жаштагы Жанарбек Кенжеев грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону. Былтыр жайында Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарында Кыргызстандын атынан чыккан.

Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция спортчуларды эл аралык деңгээлдеги мелдештерге даярдоо менен алектенет. (NT)

XS
SM
MD
LG