Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Азимжан Аскаровго бүгүн сот өкүмү чыгышы ыктымал


Аскаров сот залында.
Аскаров сот залында.

Чүй облустук соту июнь коогасы боюнча айыпталып жаткан Азимжан Аскаровго бүгүн өкүм чыгарышы мүмкүн. Отурумда тараптарга сөз берилип, андан соң өкүм чыгышы керектигин “Бир дүйнө - Кыргызстан” адам укуктарын коргоо уюму “Азаттыкка” билдирди.

65 жаштагы Азимжан Аскаровдун иши кайра карала баштагандан бери бүгүн 12-соттук отурум болот. Акыркысы 20-декабрда өтүп, күбөлөр суралып, териштирүүлөр аяктаган.

Мурда Жалал-Абадда укук коргоочулук менен алектенген Аскаровго 2010-жылдагы калабада "жаңжалды козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан" деген айып тагылып, өмүр бою абакка кесилген. Укук коргоочулар, адвокаттар жана Аскаров өзү буга макул эмес. Сотто да анын күнөөсү далилдене электигин белгилеп жатышат.

Быйыл апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети бул камоону мыйзамсыз деп атап, Аскаровду бошотууну талап кылган. Сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, мурунку өкүмдү жокко чыгарган. 4-октябрдан тарта Чүй облустук соту Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде ишти карай баштаган.

Мамлекеттик айыптоо Аскаровду кайра өмүр бою камоого өкүм чыгарууну суранууда. (SE)

XS
SM
MD
LG