Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

Меркел башпаанек албагандарды депортациялоону тездетүүгө чакырды


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германия канцлери Ангела Меркел тийиштүү органдарга кайрылып, башпаанек берилбеген мигранттарды депортация кылуу жараянын тездетүүгө чакырды. Немис лидери бийлик мындай маселени тез арада чечүүгө, бозгундарды өлкөдө калтыруу, алардын өз мекендери канчалык кооптуу же коопсуз экенин аныктоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Берлинде 19-декабрда болгон теракттан соң башпаанек берилбеген мигранттарды тез арада депортация кылуу аракети бийликтин курч маселесине айланды. Расмий маалыматта терактты Германиядан баш паанек ала албай жүргөн Тунистен келген бозгун ишке ашырганы айтылган. Бирок Тунис бийлиги аны өз жараны экенин бышыктаган эмес.

Берлин баш паанек берилбеген жарандарын кайра кабыл алууну каалабаган мамлекеттерге жардам берүү токтотуларын 8-январда билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG