Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Сагын Акматбекованын поэзия кечеси өтөт


Бишкекте Кыргыз эл акыны Сагын Акматбекованын “Жүгүргөн туман” аттуу поэзия кечеси өтөт. Аны уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунан кабарлашкандай, 20-январда Улуттук филармонияга белгиленген кечеде акындын ырлары окулат. Кирүү акысыз.

Аталган коомдук фонд акын-жазуучуларды колдоп тез-тез адабий кечелерди уюштурат.

Сагын Акматбекова кыргыз поэзиясында 60-жылдардын этегинен тарта тааныла баштаган.“Жамгыр”, “Терезедеги жарык”, “Күз ырлары”, “Күүгүмдөгү күү” өңдүү ондогон китептердин автору.(SE)

XS
SM
MD
LG