Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Базар-Коргондо 16 жаштагы кыз үйүнөн чыгып дайынсыз жоголду


Райондун Көлмө айылынын 16 жаштагы тургуну Тумара Таалайбек кызы ушул жылдын 2-январь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Бул тууралуу кыздын апасы Жыпара Алтымышова “Азаттык” радиосуна билдирди. Алар кызды милиция менен биргеликте издеп жатышат.

Алтымышова жолдошу менен бир топ жыл мурда ажырашып, кызы күйөөсүнүн колунда калган. Турмуш шартка байланыштуу Тумара 9-класстан кийин мектепти таштап салган. Такталбаган маалыматтарга ылайык, секелек кыз үй-бүлөдөгү уруш-талаштан улам качып кетиши мүмкүн экендиги айтылууда.

Райондук ички иштер бөлүмү да бул багытта издөө жарыялады. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG