Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Талас: «Манас» универмагы атайын өрттөлүшү мүмкүн


Талас шаарындагы «Манас» универмагындагы өрт 6-январь күнү катталган. Өрт дүкөндүн айланасындагы беш павильонду да жок кылган.

Өрттүн келип чыгуу себептеринин ичинде “атайын жасалган” деген божомол да бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас шаардык өрткө каршы кызмат бөлүмүнүн башчысы Аманбай Курманалиев билдирди. Анын ырасташынча, өрт боюнча учурда үч багытта: электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу, ачык отту пайдалануудагы этиятсыздык жана атайын жасалган иш деген божомол менен иликтөө иштери жүрүп атат.

ӨКМдин Таластагы өкүлчүлүгү билдиргендей, өрттөн келтирилген зыян 11 миллион 369 миң 500 сом.

«Манас» универмагы Таластык жеке ишкерге тиешелүү. Анда негизинен килем жана курулуш материалдары сатылчу. (AlS)

XS
SM
MD
LG