Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:45

Интернеттеги кыздардын урушун ТИМ иликтөөгө алды


Видеодон алынган сүрөт. Интернетте кыргызстандык эки кыз дагы бир кыргыз кыздын колун байлап сабап, бычак менен коркутуп жатканын көрсөткөн тасма тарады.

Интернетке тараган тасмадагы окуя кайсы жерде болгонун, анда кимдер тартылганын тактоо тууралуу Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине жана Стамбулдагы Башкы консулдукка тапшырма берди. Бул жөнүндө ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, алдын ала маалыматтарда тасмадагы окуя Түркияда болушу ыктымал деп айтылганы менен, бул видео башка аймакта же Кыргызстанда өзүндө деле тартылышы толук ыктымал.

Акыркы эки күндөн бери интернетте кыргызстандык эки кыз дагы бир кыргыз кыздын колун байлап сабап, бычак менен коркутуп жатканын көрсөткөн тасма тарады. Андагы окуя кайсы жерде болгонун, кыйноого алынган жана аны кыйнап, коркутуп жаткан кыздардын тек-жайын аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын ИИМдин басма сөз кызматы да маалымдады.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG