Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:03

Балдар үйлөрүндөгү 80% наристелердин ата-энеси бар


Иллюстративдик сүрөт.

Бирок ал ата-энелер түрдүү себептер менен балдарын бага алышпайт. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.

Премьер-министр социалдык оор абалда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү колдоо аркылуу балдар үйлөрүн жана интернаттарды ыраатташтыруу зарылчылыгын ырастады. Өкмөт башчы ошондой эле асыранды балдардын андан аркы тагдырына да көңүл буруу зарылчылыгын министрге эскертти.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө жана интернаттарда 8 миңден ашуун бала тарбияланат.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG