Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Казакстан интернеттин баасын төмөндөттү


“Кыргызтелеком” ишканасынын маалыматы боюнча, казакстандык провайдерлер 1 мегабит интернеттин баасын 13 долларга чейин түшүрүүгө макул болушкан. Ал эми эки өлкөнүн жеке интернет провайдерлери ич ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бааларды мындан да төмөндөтүүгө жетишкен. Бул маалыматты Кыргызстандын провайдерлер ассоциациясынын төрагасы Нурбек Абасканов да тастыктады. Анын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, жаңы жылдан тарта Кыргызстанга интернет сатуу боюнча казакстандык өнөктөштөр менен жаңы келишимдер түзүлгөн. Ал келишимдерде ар кайсы провайдер сүйлөшө алганына жараша 1 мегабит интернетти 10 доллардын айланасында сатып алышууда.

Өткөн жылдын август айында Казакстандагы интернет провайдерлер Кыргызстанга сатылуучу интернеттин баасын жогорулатышкан. Алар муну Орусиядан алынып жаткан баалардын кымбатташына байланыштырышкан эле. Бирок ЕАЭБдин антимонополия башкармалыгы Орусия тараптан баалар көтөрүлбөгөнүн аныктап чыккан.

Ал аралыкта “Кыргызтелеком” ишканасынын мурунку жетекчиси Эмил Ешеналиев казакстандык эки интернет провайдер менен бир жылдык мөөнөткө келишим түзүп, интернеттин 1 мегабитин 30 доллардан сатып алууга макулдугун бергенин Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия аныктаган. Көп өтпөй, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Ешеналиев кызматтан алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG