Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Анкарадагы көчөлөрдүн бирине Андрей Карловдун ысымы ыйгарылды


Анкарадагы Орусиянын элчилиги жайгашкан көчөдгө элчи Карловдун ысымы берилди.

Анкарадагы Орусиянын элчилиги жайгашкан көчөгө декабрда өлтүрүлгөн элчи Андрей Карловдун ысымы ыйгарылды.

Түркиянын бийлиги билдиргендей, Карягды көчөсүнүн атын алмаштыруу бир добуштан колдоо тапты. Элчинин атын көчөгө ыйгаруу туралуу 20-декабрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу айткан.

Элчи Андрей Карлов 19-декабрда Анкарада көргөзмө учурунда атып өлтүрүлгөн эле.

Аны аткан 22 жаштагы Мевлүт Мерт Алтынташ “Алеппону унутпагыла” деп кыйкырган. Бул сөзү менен ал орус элчисинин өмүрүнө Сирия үчүн кол салганын билдирүүгө аракет жасаганы айтылган.

XS
SM
MD
LG