Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Орусияда 3 жашар кыргызстандык баланын өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Красноярск аймагында дарыгер сүннөткө отургузгандан кийин абалы начарлап, чарчап калган 3 жашар кыргызстандык баланын өлүмү иликтенүүдө. “Комсомольская правда” басылмасы факт боюнча кылмыш иши козголгонун жазды.

Маалыматтарга караганда, окуя 6-январь күнү Ленин районунда болгон. Баланын апасы тааныш хирург менен сүйлөшүп, уулун үй шартында сүннөткө отургузууну чечкен. Ага оору сездирбей турган үкөл сайылып, хирургиялык жол менен сүннөткө отургузулган. Андан соң баланын абалы начарлап, чарчап калган.

Окуя боюнча комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 28 жаштагы хирург суракка алынды. Иликтөө уланууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, бала оору сездирбей турган дарыны көтөрө албай калышы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG