“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин кандай жетишкендиктерге жеткени тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну сунуш кылды. Текебаев Кыргызстан бул уюмга киргенден кийин тескерисинче бир топ көйгөйлөргө туш келгенин белгиледи:
-Өлкө биримдикке киргенден кийин 115 млн доллар чыгашага учурады. Ар кандай бут тосуулар, тоскоолдуктар болуп жатканын көрүп турабыз.
Ал эми ЖК спикери Чыныбай Турсунбеков бул маселе боюнча өкмөттүк күн болгондо талкууланарын маалымдады. Спикердин айтуусунда, январь айында өкмөттүк күн белгиленген.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта кирген. Бүгүнкү күнгө чейин Казакстан менен ветеринардык көзөмөл маселеси чечиле элек. Жаңы жылдан тарта казак тарап ветеринардык көзөмөл талап кылынуучу товарларды темир жол аркылуу гана транзиттөө шартын киргизген.(ZKo)