Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Ибраимов колдоочулары жыйынга чогуларын билген эмес


Албек Ибраимовдун колдоочулары.
Албек Ибраимовдун колдоочулары.

Бишкек шаар башчылыгына шайланган Албек Ибраимов журналисттер алдында аны колдоп чыккандардын көчө жыйынынан кабарсыз экенин билдирди. Ал жыйынды шаар бийлиги уюштурду деген сөздү четке какты. Албек Ибраимов көчө жыйынга милиция кызматкерлери көз салып турганын белгиледи. Ал эми жыйынга уруксат берилгенби суроосуна мэр бул митинг капыс чыгып калганын айтып, уруксат алып өткөрүлүүчү жыйындар чоң аянттарда гана болорун билдирди.

Социалдык тармактарда жарандык активисттер бүгүнкү шаар башчысын шайлоо мэриянын алдындагы көчө жыйын менен коштолуусун сынга алышууда. Адатта бир-эки активист позициясын билдирип чыкса милиция кармап кетерин белгилеген пикир ээлери мэр шайлоонун учурундагы жыйын шаар бийлиги тарабынан уюштурулганын жазышууда. Айрым маалыматтар боюнча, митингге шаардык кеңештин депутатына таандык курулуш компаниясынын жумушчулары да чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG