Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Талас: Автандил Тынышевдин соту дагы жылдырылды


Талас райондук сотунда милиция кызматкеринен таяк жегенин билдирип, сотко кайрылган Автандил Тынышевдин ишин кароо күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу кийинге жылдырылды. Соттук териштирүү 13-январга белгиленгенин «Азаттык» радиосуна судья Ниязбек Калматов билдирди.

Тынышев буга чейин мал уурулукка шектелип, Талас райондук милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып келет. Бирок уурдалган мал башка адамдан табылган.

Тынышев укук коргоо органдары ага күч колдонуп күнөөнү моюнга алдырууга аракет кылганын ырастап сотко кайрылган. Анын ишин териштирүү 2014-жылдын 24-ноябрында башталып, ар кандай себептер менен артка жылдырылып келет. Создуктурулган ишти тогузунчу судья кароодо.

Ишти башында Талас райондук соту карап, айыпталуучулар ишеним көрсөтпөй койгонуна байланыштуу Бакай-Ата райондук сотуна жөнөтүлгөн. Ал жерден белгисиз себептер менен Талас шаардык сотуна өткөрүлгөн. Райондук соттордун судьялары дайындалган соң, иш кайрадан Талас райондук сотунда карала баштаган. (AlS)

XS
SM
MD
LG