АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп бир катар маалымат каражаттары жазып чыккан Орусиянын чалгын кызматынын колунда өзүнө каршы компроматтар бар делген маалыматты төгүнгө чыгарды.
Бул тууралуу Трамп “Твиттердеги” баракчасына жазды. Анын маалымат катчысы Келлианн Конуэй NBC телеканалына айтылган фактылардын баары далисиз экенин, ал эми булактар ачыкталбаганын билдирди.
Буга чейин 10-январда америкалык жана британиялык маалымат каражаттары орус чалгын кызматтарында Трампка каршы жеке жана каржылык мүнөздөгү компроматтар бар экенин жазышкан эле. Бул тууралуу АКШнын Федералдык чалгын кызматы кабардар экени жана буга чейин президент Барак Обама таанышкан документте камтылганы да айтылган эле.
Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремлде Трампка жана Демократиялык партиядан президенттикке ат салышкан Хиллари Клинтонго каршы эч кандай компромат жок деп ырастоодо. Песков Орусиянын чалгын кызматы атаандаштарды каралоочу маалыматтарды чогултуу менен алектенбестигин кошумчалады.
Трампка каршы компроматтардын бар экени 11-январга белгиленген шайланган президент катары берчү алгачкы маалымат жыйынын утурлай белгилүү болду. Былтыр 8-ноябрда шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп 20-январда АКШда президенттикке киришет.