Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Жогорку Сот Мойдуновдун иши боюнча БУУнун чечимин аткарды


Жогорку Соттун имараты.
Жогорку Соттун имараты.

Жогорку Сот милициянын убактылуу кармоочу жайында каза болгон Ташкенбай Мойдуновдун туугандарына кенемте төлөп берүү боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Чечимге ылайык, мамлекет Мойдуновдун жакындарына 200 миң сом кенемте төлөп бериши керек. Бул ишти 2011-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети карап, кыргыз өкмөтүн маркумдун жакындарына кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ташкенбай Мойдунов 2004-жылы Базар-Коргон райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында каза болгон. Мойдуновду жакындары милициянын ур-токмогунан каза болду деп эсептешет. Бирок тиешелүү чара көрүлбөгөндүктөн анын жакындары БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арыз менен кайрылган.

Мойдуновдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов адам укугунун коргоо жаатында БУУнун чечимин аткаруу боюнча прецедент түзүлгөнүн айтып чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG