Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,75 млрд доллар болду


Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы эки айда мамлекеттик карыз өлчөмү 3 млн долларга көбөйгөн. Карыздын негизги бөлүгүн тышкы карыз түзөт. Кыргызстандын эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карызы 3 млрд 764,98 млн доллар. Ал эми ички карызы 309,5 млн доллар же 21 млрд 403,85 млн сом.

2016-жылы мамлекеттик карызды жоюу үчүн кыргыз өкмөтү 20 млрд 747,7 млн сом сарптады. Бул мурунку жылга караганда 44% көп сан. Мунун ичинен тышкы карызды жоюуга 9 млрд 180,1 млн сом, ал эми ички карызды жоюуга 11 млрд. 567,6 млн сом жумшалган.

2010-жылдын аягында Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 602 миллион доллар болчу.

Кыргызстандын эң көп карызы Кытайдан алынган - 1,336 млрд доллар. Андан кийинки 1,11 млрд доллар карыз Дүйнөлүк банкка тиешелүү. Кыргызстандын Азия өнүктүрүү банкына карызы 1 млрд доллар. Республика Эл аралык валюта корунан 500 млн доллар, Орусиядан 300 млн доллар карыз алган. Булардан тышкары Түркия, Европа жана Араб өлкөлөрүнөн алынган карыздар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG