Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Жарандык активист Улуттук банктын алдына пикетке чыкты


Акындын сүрөтү түшүрүлгөн 200 сом.
Акындын сүрөтү түшүрүлгөн 200 сом.

Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыгуу себебин улуу акын Алыкул Осмоновдун 200 сомдук банкнотко түшүрүлгөн сүрөтүнүн сапатына байланыштырды. Активист сүрөттө акындын бир көзү чалыр болуп калганын белгилеп, мындай сүрөт менен банкноттор жүгүртүлүүгө чыгарылбашы керек деген пикирде:

- Алыкул Осмоновдун 200 сомдук жаңыртылган банкноттогу сүрөтүнүн сапатына нааразылыктар мурда деле айтылган болчу. Бирок, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов коомдук пикир менен эсептешпей, банкнотту ошол сапатсыз сүрөтү менен жүгүртүүгө чыгарганы жатыптыр. Мен ошого каршылыгымды билдирип, улуу акыныбызга, кыргыздын улуттук баалуулугуна кайдыгер мамиле жасаган төрага Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатам.

Токтонасыровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, активистке Улуттук банктын өкүлдөрү чыгып, банкноттогу сүрөттүн эч кандай мүчүлүштүгү жок экенин, эски-жаңы банкноттордогу сүрөттөр бири-биринен айырмасы жок экенин билдиришкен.

Жарандык активисттин талабы боюнча Улуттук банк азырынча эч кандай комментарий бере элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG