АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусия жарандары жана компанияларына карата киргизилген санкцияны күчүндө калтыра турганын билдирди. The Wall Street Journal жазгандай Трамп санкцияларды батыл кароого кирбестен, кайсы бир убакытка чейин маселени козгобой турганын билдирди. Ошентсе да келечекте санкциялар алынарын жокко чыгарган жок.
- Эгерде иш оңолуп, Орусия бизге чындап эле жардам берип жатса, санкцияларды калтырып эмне кылабыз?, – деген Дональд Трамп.
Басылма жазгандай, АКШдагы президенттик шайлоого орусиялыктар киберчабуул уюштурду деген негизде Обама тарабынан киргизилген санкцияны Трамп жокко чыгарышы мүмкүн. Бирок ал үчүн өлкөлөрдүн терроризм менен күрөшүү жана башка тармактар боюнча багыттары бирдей болушу керек. Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден кийин орус президенти Владимир Путин менен жолугууга ниети бар экенин да айткан. (SDz)