Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө АКШ өкүлдөрү чакырылды


Сирия
Сирия

Орусия АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясынан өкүлдөрүн Астанада өтө турган Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө чакырды. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазып чыкты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер өз кезегинде Барак Обаманын администрациясы бул чакырыкты колдой турганын билдирди.

Сириядагы чатакты калыбына келтирүүгө багытталган сүйлөшүүлөр Казакстандын борборунда Дональд Трамптын расмий президенттик кызматка киришүүсүнөн үч күндөн кийин өтөт. The Washington Post билдиргендей, Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк 28-декабрда телефон аркылуу Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинге байланышка чыгып, Астанадагы сүйлөшүүлөргө чакырган.

Кремл азырынча Сириядагы чатакты калыбына келтирүү үчүн сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттар тартылары тууралуу комментарий бере элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG