Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Вандык кыргыз аскер салгылашууда жаракат алды


Түркиядагы Ван кыргыздары Алеппого көмөк көрсөтүүдө (архив)
Түркиядагы Ван кыргыздары Алеппого көмөк көрсөтүүдө (архив)

Түрк аскеринин сержанты Али Тимур Түркиянын Битлис аймагындагы террористтик операция учурунда жаракат алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жарадар аскердин агасы Якүп Тимур билдирди. 12-январда жоочуларга каршы жүргүзүлгөн операцияда Али Тимурдун бутуна жана колуна ок тийген.

- Террористтер үңкүргө качып киргенде аскерлер артынан барып ок аткан, ошондо жаракат алды, - деди Якүп Тимур.

Али Тимурга Түркиянын Битлис шаарындагы ооруканада операция жасалып, азыркы тапта дарыгерлердин көзөмөлүндө.

32 жашындагы Али Тимур эки баланын атасы, ал акыркы 10 жылдан бери Түрк жандармериясында кызмат өтөп келет. Айрым вандык кыргыздар Түрк жандармериясында кызмат кылат. (ElB)

XS
SM
MD
LG