Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 15-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 134-137-чакырымдарында тыгын пайда болгондуктан, Сосновка постунда оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чек киргизилген.
Түнкү саат 23:50дө бул чектөө алынды. Аталган каттамда автоунаа кыймылы көп болгондуктан жана аба ырайына байланыштуу тыгындар жаралып, маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. (NT)