Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:56

Жарандык активисттер "Эркиндик жана тилектештик форумуна" чогулат


Бүгүн Бишкектин четиндеги “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде боло турган иш-чаранын жүрүшүндө адам укугун сактоо боюнча талаптар камтылган Жарандык хартияга кол топтолот. Катышуучулар бийликти коомдук турмушка аралашуу укугу жаатындагы эл аралык конвенцияларды, макулдашууларды урматтоого, аткарууга жана коргоого чакырышат.

Форумду Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир Дүйнө - Кыргызстан” уюму, “Кылым шамы” коомдук фонду, “Азман” cтудиясы, “Республика” гезити жана Кыргызстан кинематографисттер бирлиги, жарандык активисттер уюштурууда. (NT)

XS
SM
MD
LG