Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:06

АКШ Хезболла уюмун куралдандырбоо чечимин аткарууга чакырды


Хезболланын ракеталары.

Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы өкүлү Саманта Пауэр 18-январда Ливандын Хезболла уюмун Ирандын куралдандырып жатышына тынчсыздануусун билдирди. Пауэр Ирандын мындай аракети Улуттар Уюмунун эмбарго чечимине каршы келерин белгиледи. АКШ өкүлү Ирандын Хезболланы куралдандыруусу “Жакынкы Чыгышты бүлүк саларын" эскертип, Коопсуздук Кеңештен эмбаргонун талаптарын аткартууга жетишүүнү талап кылды.

БУУнун баш катчысынын орун басары Жефри Фельтман да Ирандын эл аралык уюмдун чечимине карабай Хезболланы курал менен камсыздоосуна тынчсыздануусун билдирди. Тегеран эмбарго талаптарын аткаруудан баш тарткан. Буга байланыштуу Иранга санкция киргизүү аракетине Кытай жана Орусия макулдук берген эмес.

Орусиянын БУУдагы элчисинин орун басары Владимир Сафронков Москва Ирандын ракеталык жана башка кадимки куралдарына байланыштуу санкция киргизүүгө каршы болорун 18-январда билдирди. Дональд Трамп тарабынан АКШнын БУУдагы жаңы өкүлдүгүнө сунушталган Никки Халей Иранга санкция киргизүү багытында иш жүргүзүлөрүн белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG