Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:55

Казакстандын мурунку өкмөт башчысынын абак мөөнөтү кыскартылды


Серик Ахметов.

Мурунку өкмөт башчы Серик Ахметовдун абак мөөнөтү өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган мунапыска байланыштуу кыскартылды. Караганда шаардык сотунун 19-январдагы чечимине ылайык, Ахметовдун мөөнөтү 1 жыл 7 айга кыскартылды.

Ахметов коррупция боюнча айыпталып, 2015-жылы 10 жылга кесилген. 2016-жылы апелляциялык сот анын чын ниеттен айыбын мойнуна алып, өкүнүчүнө байланыштуу жаза мөөнөтүн 2 жылга кыскарткан эле. Серик Ахметов 2012-2014-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG