Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Дональд Трамптын сөзүнөн кийин АКШдагы түрдүү диний конфессиялардын өкүлдөрү сүйлөштү. Алардын бири Библияда жамгыр – жакшы жышаан болгонун белгилеп, ант берүү аземи учурунда башталган жамгыр жаңы президенттин жана анын администрациясынын алдыдагы ийгиликтеринин символу болушун каалады.

"Биз Американы кайрадан күчтүү, бакубат кылабыз жана мурдагы даңкын кайтарабыз. Кудай бизди колдосун, кудай Американы колдосун”, - деп жыйынтыктады сөзүн президент Трамп.

"Америка ынтымактуу болсо аны эч ким токтото албайт. Биз коркпошубуз керек. Бизди аскерибиз, тартип коргоо кызматкерлерибиз жана кудай коргойт, - деди Трамп. – Куру сөз бүттү. Иш жасай турган учур келди".

Президенттин айтымында, Америка буга чейин башка өлкөлөрдүн чек арасын коргоп келгени менен, өзүнүкүн коргой алган эмес. Мындан ары Американын кызыкчылыктары биринчи орунда турат.

"Мен акырына чейин күрөшөм жана силердин үмүтүңөрдү актайм. Америка буга чейин болуп көрбөгөндөй кайрадан жеңе баштайт. Биз жумушубузду, чек араларыбызды, байлыгыбызды жана кыялдарыбызды кайтарып алабыз”, - деди Трамп.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG