Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Саясий көз караштары мурунку президент Барак Обаманыкынан кескин айырмаланган Трамп бийликке келгенден кийин АКШда жана анын тышкы саясатында кандай өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот?

Трамп кандай президент болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:05 0:00
Түз линк

Талкуунун катышуучулары: Аскарбек Мамбеталиев, билим берүү боюнча адис, Даниел Кадырбеков, Жапониядагы Кобе университетинин магистранты.

Дональд Трамп ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

Дональд Трамптын сөзү 16 мүнөт 12 секундага созулду. Жаңы президент коомду бириктирип, жаңы көпүрөлөрдү, жолдорду куруп, исламчыл терроризмди жеңип, бийликти вашингтондук элитадан карапайым калкка өткөрүп берүүнү убада кылды. Серепчилер бул кайрылуусунда Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү маалындагы негизги убадаларын кайталаганын белгилешүүдө.

CNN каналынын журналисттеринин айтымында, АКШнын жаңы президентинин сөзү буга чейинки ант берүү аземдеринде айтылгандардын ичинен эң радикалдуусу болуп калды. Трамптын билдирүүсү популисттик маанайда болгону медиада белгиленүүдө.

Дональд Трамптын айтымында, аземдеги сөздөрүн ал өзү жазган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG