Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Дээрлик 28 миң полициячы жолдорго тосмолорду жана чектөөлөрдү коюп чыгышты. Борбордук аянтка кум жүктөлгөн унаалар жеткирилди.

"Азаттык" Вашингтондо өтө турган салтанаттуу аземди түз ободо көрсөтөт.

2016-жылдын 8-ноябрында АКШнын тарыхында 58-ирет өткөн шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн 45-президенти болуп Дональд Трамп шайланган.

Дональд Трамп шайлоодо жеңип чыкканына карабастан анын терс рейтинги жогору бойдон кала берүүдө. Gallup социологиялык кызматынын маалыматына ылайык, январдын биринчи аптасына карата америкалыктардын 55 пайызы жаңы шайланган президентке терс карайт. Gallup бул көрсөткүчтү “тарыхый жактан рекорддук” деп баалаган. 2009-жылдын январында Барак Обаманын терс рейтинги болгону 18 пайызды түзгөн.

Вашингтондо президент Дональд Трамптын инаугурациясына байланыштуу салтанатка даярдыктар аяктоодо.
Вашингтондо президент Дональд Трамптын инаугурациясына байланыштуу салтанатка даярдыктар аяктоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG