АКШ президенти Доналд Трамп Транстынчокеан кызматташтыгынан чыгуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бирок бул чечим формалдуулук гана.
Себеби көптөгөн талаш-тартыш жараткан бул документти Сенат жактырган эмес.
Трамп бул чечим америкалык эмгекчилер үчүн сонун жаңылык экенин билдирди жана уюмга мүчө өлкөлөр менен эки тараптуу келишимдерге кол коюларын айтты.
Транстынчокеан кызматташтыгы – бул Азия-Тынч океан аймагындагы товар жана кызматтарга болгон бажы төлөмдөрүн толугу менен алып салууну көздөгөн соода келишими. (RK)