Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Пенсия эсептөө ыкмасын өзгөртүү каралууда


Эки муун.
Эки муун.

Пенсия эсептөө ыкмасын өзгөртүү каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде талкуланып жатат.

Мамлекеттик пенсиялык камсыздоо жана минималдык айлык акы жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе пенсия чегерүү жана аны көбөйтүү жолдору жөнөкөйлөтүлөт.

Адистердин айтымында, 1997-жылдан бери пенсия чегерүү түрдүү ыкмалар менен жүргүзүлүп келатат. Натыйжада жарандардын Соцфондго төгүп келген акчасы менен кийин алган пенсиясынын ортосунда айырма чыгып, камсыздандыруу принциби сакталбаган учурлар пайда болууда.

Учурда Кыргызстан боюнча пенсионерлердин жалпы саны 605 миңди түзөт.

Алардын арасынан 1-топтогу майыптар – 9 миң 600 адам. Бул категориядагы жарандардын орточо пенсиясы айына 4779 сом. (RK)

XS
SM
MD
LG