Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Дарыгерлер учак кырсыгынан жабыркагандардын тынчын албоого чакырды


Учак кырсыгынан жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн дарылануусуна тынч шарт түзүлүшү керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарга кайрылып, бейтаптардын тынчын албоону суранды.

Айрыкча Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан жана үй-жайсыз калып, “Семетей” мейманканасында убактылуу жашап жаткандарга тынчтык керек болууда, андыктан алардын абалын сурап келгендердин агымын азайтуу керек дешет доктурлар.

Учурда жалпысынан 24 адам ооруканада жатат. Алардын 14ү иске ууланды деген балдар. Эки жаран психиатрлардын көзөмөлүндө. (RK)

XS
SM
MD
LG