Бүгүн Баткендин Кадамжай районундагы Пум айылында коомдук жана саясий ишмер, акын, драматург, котормочу жана публицист Эгемберди Эрматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.
Маркум 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган. Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтунда окуган. 1991-2010-жылдары “Мурас” жана “Тулпар” журналдарынын башкы редактору, “Кыргыз Руху” гезитинин башкы редакторунун орун басары, Баткен университетинин окутуучусу болуп эмгектенген.
2010-жылы КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңеш депутаты болуп шайланган.
2013-2016-жылдары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеди.
Жыйырмадан ашуун поэтикалык жыйнактын автору. Ал жазган драмалык чыгармалар боюнча спектаклдер коюлган.
Эрматов 24-январга караган түнү узакка созулган оорудан кийин 66 жаш курагында дүйнө салды. (RK)