Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Европа биримдиги Аскаровго чыккан өкүм боюнча билдирүү таратты


Аскаровдун соту.
Аскаровдун соту.

Европа биримдигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча кыргыз бийлигин мыйзамдуулукту жана адам укуктарын сактоого чакырды. Бул тууралуу Евробиримдиктин өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө айтылат. Анда Аскаровдун иши боюнча Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын четке какканына көңүл бурган.

“Азимжан Аскаровдун адвокаттары сот чечими боюнча доо арыз берерин билдирди. Европа биримдиги Кыргызстандын бийлигинен соттук териштирүүнү адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүшүн күтөт,“ - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Аскаровго карата кыйноо факттарын тыкыр иликтөөгө чакырган.

24-январда Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Ишти караган судьялар бул иш боюнча күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү далилденип, Аскаровдун күнөөсү аныкталганын белгилешти.

Аскаров бул өкүмгө макул болбой, бүгүнтөн тарта мөөнөтсүз ачкачылык жарыялай турганын айтып чыкты. Камактагы укук коргоочунун адвокаттары Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.(BkA)

XS
SM
MD
LG