Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:00

Төрөбаев: Бишкек мэрин шайлоо бурмаланды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын ырасташынча, шаар мэрин шайлоо мыйзам бузуу менен коштолуп, шайланган мэрдин легитимдүүлүгү боюнча суроолор жаралууда. Төрөбаев шайлоодон мурун талапкерлердин өз программасын тааныштырууга мүмкүнчүлүк берилбегенин жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Албек Ибраимовду колдоо митингин уюштуруу менен басым көрсөткөнүн кошумчалады.

Буга байланыштуу Бакыт Төрөбаев шайлоону өткөрүүдө мыйзамдуулукту камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Бишкек мэрин шайлоо 11-январда өткөн. Анда шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Албек Ибраимовдун, оппозициядагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөткөн. Шайлоо жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын 29у Албек Ибраимовду, ал эми 12cи Нурдин Абдылдаевди колдошкон. Эки депутат баарына каршы болгон.

Абдылдаев мыйзам бузуулар болгонун айтып, сотко кайрылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG