Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Орусия: Думада зомбулук жөнүндөгү талаштуу мыйзам колдоо табууда


Мамлекеттик Дума
Мамлекеттик Дума

Орусиянын Мамлекеттик Думасында үй-бүлөлүк зомбулуктун айрым түрлөрүн кылмыш деген категориядан чыгара турган мыйзам долбоору укук коргоочулардын каршылыгына карабай, экинчи окууда колдоо тапты. 25-январдагы добуш берүүдө мыйзамды 385 депутат колдоп, экөө каршы болду.

Демилгечилер бул мыйзам менен мамлекет үй-бүлөнүн ишине мурдагыдай ашкере кийлигишпей калат дешет. Мыйзамга ылайык, туугандык байланышы бар адам биринчи жолу зомбулукка барса, анын жоопкерчилиги административдик кодекс менен каралат. Ур-токмок кайталана турган болсо, кылмыш кодекси ишке киришет.

“Эл аралык мунапыс” уюму бул мыйзам долбоорун үй-бүлөлүк зомбулукту көз жаздымда калтыруу аракети катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG