Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Бишкекте 1000ге жакын кичи автобус жолдон алынат


Бишкек.
Бишкек.

Бишкек мэри Албек Ибраимов быйыл шаардагы жүргүнчү ташыган 1000ге жакын кичи автобустун ордуна троллейбус жана чоң автобустарды жүргүзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу шаар башчы журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда, коомдук автоунаа Кытай берген насыяга алынат. 50 троллейбус сатып алууга тендер экинчи кварталда жарыяланат. 300-500 автобус күзгө чейин келет деп пландалууда. Албек Ибраимов шаардагы маршруттук кичи автобустардын баарын алуу быйыл колдон келбесин, бирок мындай план үч жылдык стратегияда бар экенин кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG