Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Өспүрүмдүн көмөгү менен телефон уурдаган аял кармалды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Өспүрүм баланын көмөгү менен дүкөндөн телефон уурдаган аял кармалды. Бишкек милициясынан кабарлашкандай, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иш козголуп, шектүү аял эки айга убактылуу кармоочу жайга камалды.

Ал эми ага көмөктөшкөн баланы издөө уланууда.

Жакында интернетте башка сатып алуучуга алаксыган дүкөнчүнүн мобилдик телефонун текчеде жаткан жеринен уурдап жатышкан видео тарап, кызуу талкуу жараткан.

Шаардык милиция окуя былтыр 10-декабрда Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Байэл» дүкөнүндө болгонун, кармалган аял 33 жаштагы мурда соттолгон жаран экенин аныктады. (RK)

XS
SM
MD
LG