Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:59

“Бир Дүйнө”: Аскаровдун өмүрүнө коркунуч туулууда


Азимжан Аскаров.

“Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгына коркунуч туулуп жатканына кабатыр. Бул тууралуу аталган уюм бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда уюм Акыйкатчы институту менен Жаза аткаруу кызматына кайрылып, укук коргоочунун саламаттыгына күнү-түнү байкоо салууну камсыздоого чакырды.

“Анын жашоосуна чындап коркунуч туулууда. Бул үчүн жоопкерчилик аны мыйзамсыз куугунтуктап жаткандарга жүктөлөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

66 жаштагы Азимжан Аскаров бүгүнтөн тарта ачкачылык жарыялаган. Жаза аткаруу кызматы укук коргоочу медициналык кароодон өткөрүлгөнүн, бирок ал дарыларды колдонуудан баш тартып жатканын билдирген.

24-январда Чүй облустук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Камактагы укук коргоочунун адвокаттары Жогорку сотко кайрыларын билдиришти.

Сот өкүмүн БУУнун Адам укуктары боюнча комитети, Евробиримдик сындап чыккан.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG