Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Жапония менен дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 25 жыл толду


Кыргызстан президенти Атамбаевдин Жапонияга иш сапары, 28-февраль, 2013-жыл.
Кыргызстан президенти Атамбаевдин Жапонияга иш сапары, 28-февраль, 2013-жыл.

Кыргызстандын Жапония менен дипломатиялык алака түзгөнүнө 25 жыл толду. Бул датага байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен жапон премьери Синдзо Абэ куттуктоо телеграммаларын алмашты.

Кыргыз президентинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Атамбаев 25 жыл аралыгында Кыргызстан менен Жапония саясий диалог түзүп, ийгиликтүү соода-экономикалык жана маданий алака түзө алганын белгилеген.

Синдзо Абэ Жапония Кыргызстандын туруктуулук жана өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгилеп, эки өлкө тең демократиялык баалуулуктарды карманарын билдирди.

Жапония Кыргызстандын негизги донор өлкөлөрдүн бири. 1992-жылдан бери Жапония 390 миллион долларга жакын жардам көрсөткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG