Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Орусиялык жеңил атлетчи, депутат Лебедева медалдарынан ажыратылды


Татьяна Лебедева.

Орусиялык сенатор, жеңил атлетчи Татьяна Лебедева Бээжин Олимпинде жеңген эки күмүш медалдарынан ажыратылды. Мындай чечимди Эл аралык Олимп комитети 25-январда кабыл алды. Спортчунун 2008-жылы алынган анализдери кайрадан текшерилгенден кийин туринабол деген стероид табылган.

40 жаштагы Лебедева 2004-жылы Афинада узундукка секирүү боюнча Олимп оюндарынын чемпиону болгон, Сиднейде андан мурунку оюндарда да медаль жеңген. 2013-жылы чоң спорттон кеткенден кийин депутаттыкка шайланган.

Лебедева Доппингге каршы Эл аралык агенттикти (ВАДА) “англо-саксон лоббисинин” инструментине айланган деп айыптап келет. ВАДА орусиялык спортчулар арасындагы допинг колдонуу учурларын текшерүү тапшырмасын берип, эреже бузуулар ачыкка чыккандан кийин жеңил атлетчилердин улуттук командасы бардык эл аралык мелдештерден четтетилген эле.

XS
SM
MD
LG