Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:18

27-январдын аба ырайы

Шаар кышы.
Шаар кышы.

27-январда түнкүсүн кар жаабайт, күндүз Нарын облусунун жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорундо бир аз кар жаайт. Жолдор тайгак, тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. 

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6,

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 1...6,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,

Нарын облусунда түнкүсүн -23...-28, күндүз -8....-13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз -8...-13 суук.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -5…-7, күндүз 4…6 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG