Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Чүйдөгү диний жайлардын жарымы уруксатсыз иштегени аныкталды


Чүйдө милиция текшерүүгө алган 15 диний жайдын 6 уруксатсыз иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Документи жоктордун арасында Кеминдеги “Иегова күбөлөрү”, Орловка шаарындагы баптисттердин сыйынуу жайы, Панфилов районундагы мусулман багытындагы балдар үйү, Жайыл районундагы медресе филиалы бар.

Мыйзамга ылайык алар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын уруксат кагазын алышы керек болчу. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул уюмдарга карата чара көрүлмөй болду.

Кыргызстанда дин эркиндиги Конституцияда кепилденген. Бирок мамлекеттик каттоого алынбаган диний уюм, окуу жайлар көп экенин адистер айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG