Оштун Чоң-Алай районунун аймагында күчү үч баллга жеткен зилзала катталды. Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөнүн очогу Бор-Дөбө айылынан 8 чакырым түштүк жагында болгон. Калктуу пункттарда анын күчү 2,5 балл болуп сезилди. Адам өмүрүнө жана турак-жайларга зыян келген жок.(BkA)