Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Жонсон Сирия боюнча Британиянын позициясын өзгөртүүнү каалайт


Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Сирия боюнча Лондондун позициясын кайра карап чыгууну сунуштады. Дипломат Британиянын ушу кезге чейинки позициясы Сирия чатагын жөнгөрө, анын президенти Башар Асадды кетире алган жок деп белгиледи:

- Биздин бул ишке аралашуубуздан тобокелдиктерди жана таптакыр тескери бурулган аракетти, эми орустар менен Асадды колдоп калабызбы деген оюңарды билип турам. Ошол эле маалда жагдай өзгөргөнүн эске алып, биз бул чатакты жөнгө салуунун реалдуу жолдорун ойлонушубуз керек. Трамптын администрациясы турганда, орустар менен жасалчу кандай болбосун келишим Иран менен элдешүүнү ээрчите келерин да эске сала кетейин.

Британ парламентиндеги сөзүндө Жонсон БУУнун көзөмөлү астында Сирияда жаңы шайлоо өткөрүүнү да сунуштады.

Британия буга чейин Асад кызматынан кетип, Сириядагы саясатка аралашпашын талап кылып келген. Жонсондун айткандары Орусия менен Ирандын позициясына жакын болууда. Бул өлкөлөр Башар Асад бийлигин БУУнун көзөмөлү астында ишке ашырышы керек деп келишет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG