Бишкектин Биринчи Май райондук соту 27-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыратты. Бул боюнча сот отуруму жабык өттү.
Укук коргоо органдары Кунакуновду “террорчулукка кол кабыш кылган, курал жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракеттенген жана карактоо" боюнча айыпташкан. Прокуратура анын үй мүлкүн конфискациялап, 30 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган.
УКМК 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте бир нече террордук акт уюштурууга аракеттенген топтун төрт өкүлүн жок кылып, жетөө кармалганын кабарлаган. Төрт күндөн кийин “Манас” аэропортунан ушул ишке катышы бар деп шектелип Максат Кунакунов да кармалган.
Ал өзүнө тагылган кинелердин баарын четке кагып келе жатат.
Кунакунов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда бийликчил “Ак жол” партиясынын катарында парламентке депутат болгон.
Кунакунов Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тууганы болуп кетет.