Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Трамп Лондондун Евробиримдиктен чыгуу чечимин кубаттады

АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу чечимин колдоду.

Вашингтондо өткөн Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен жолугушуудан соң маалымат жыйында Трамп бирдиктүү Европа менен бизнес жүргүзүү кыйын экенин айтты. Ал бизнесмен катары өз тажрыйбасында Европа менен иш алып барууда “өкүнүчтүү жыйынтыктар” болгонун да кошумчалады.

АКШ лидери мындан ары Лондон менен “өзгөчө алаканы” колдой турганын убада кылды.

Тереза Мэй өз кезегинде Трамп тарабынан НАТО биримдигин колдоо жана эки тараптуу соода алаканы жакшырта турган келишимдерге кол коюу аракеттери жанданганын айтты.

Трамп буга чейин трансатлантикалык сүйлөшүүлөрдөн чыгып, шерик өлкөлөр менен эки тараптуу соода алаканы калыбына келтирүү аракетин кубаттай турганын билдирген.

Жолугушуудан соң АКШ президенти Улуу Британиянын ханышасы Елизаветанын мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө багытталган чакыруусун кабыл алганын маалымдады. (SDz)

XS
SM
MD
LG