Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Кремль: Путин менен Трамп тең укуктуу кызматташтыкка даяр экенин билдиришти


Владимир Путин менен Дональд Трамп.
Владимир Путин менен Дональд Трамп.

Орусия жана АКШ президенттеринин 28-январдагы телефон сүйлөшүүсүндө Владимир Путин менен Дональд Трамп туруктуулук жана өнүгүү үчүн биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиришти. Тараптар эки өлкөнүн алакаларын конструктивдүү, тең укуктуу жана эки жакка пайда алып келчү негиздерге таянып, жүргүзүүгө макул болгонун Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттер “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөштө орус-америка аракеттерин координациялоону калыбына келтирүү, Сириядагы кырдаалды жөнгө салууда бир багытты кармануу тууралуу сүйлөшүштү.

Кремлдин басма сөз кызматы жарыялагандай, Путин менен Трамп эл аралык башка маселелерге да токтолуп, анын ичинде Украина кризисинин негизги багыттарын талкуулады. Маалыматта Путин менен Трамп көзмө-көз жолугушууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришкен.

Ак үй азырынча призденттер телефон аркылуу эмне маселелерди талкуулаганын расмий айта элек. Ошентсе да Трамп менен Путин 40 мүнөткө чукул сүйлөшкөнү маалым болду.

Буга чейин эки президенттин сүйлөшүүсүндө АКШ тараптан Орусияга киргизилген санкцияларды алып салуу маселеси каралат дегендиктен, бул сүйлөшүүлөрдү Москва жана Европа өлкөлөрү өтө кызыгуу менен күтүп жатышкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG