Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:17

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Анкарада Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан соң, Британия Түркия менен соода алакасын жандантаарын айтты.

Түркия президенти Улуу Британия менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жылына азыркы 15 миллиард доллардан 20 миллиард долларга чейин жеткирүү планы бар экенин билдирди.

Эки лидердин Анкарадагы жолугушуусунда биргелешкен аскер учагын жасоо боюнча 100 миллион фунт стерлингге бааланган келишимге кол коюлду.

Тереза Мэйдин айтуусунда, Британия Евробиримдиктен толук чыккандан кийин, Лондон менен Анкара соода алакаларын өркүндөтүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүшмөкчү. (SDz)

XS
SM
MD
LG