Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Оторбаев: Омбудсмен парламентке көз каранды болуп калган


Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Акыйкатчы Кубат Оторбаев “Омбудсмен жөнүндө” мыйзам долбоорун эл аралык нормага шайкеш келтирүү зарылдыгын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, азыркы мыйзам боюнча жылдык баяндамасы парламенттен колдоо таппаса, акыйкатчы кызматынан кетет. "Бул норма акыйкатчыны толугу менен аткаминерлерге жана депутаттарга көз каранды кылып жатат, - деди ал.

- Учурда “Омбудсмен тууралуу” мыйзам долбооруна толуктоолор киргизилип, коомдук талкуудан өтүп жатат. Биз акыйкатчыны кайсы бир саясый күчкө көз каранды болуусунан алыстатышыбыз керек. Азыркы мыйзамда бул беренени алып, омбудсмен менен анын орун басарларын кызматка көрсөтүү процедураларын да өзгөртүп жатабыз.

Учурдагы мыйзамга ылайык, парламент акыйкатчы жана анын орун басарларын шайлайт жана жыл сайын акыйкатчынын баяндамасын угуп, ишине баа берет. (SDz)

XS
SM
MD
LG